ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы, кичи автобустардын акыркы аялдамаларында санитардык талаптардын бузулушун аныктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренесине ылайык,

1.“Ак Жолтой” ЖЧК,
2. “Аргымак Транс” ЖЧК,
3.  “Академ Транс Сервис” ЖЧК,
4. “Ника Плюс” ЖЧК,
5. “Мейкин” ЖЧК,
6. “Ак Жолтой” АК фирмаларынын директорлорунун атына протокол түзүлүп, административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Ошондой эле 8-кичи районунунда жайгашкан “Эмерек” дүкөнүнүн айланасында кургак таштандылар баш аламандыкта ташталып, антисанитардык абал түзүлгөн.

Дүкөндүн жетекчилигинин атына протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.