ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада күрөш боюнча шаардын ачык чемпионаты аяктады

22-23-мартта өткөн Бишкек шаарынын күрөш боюнча ачык чемпионаты аяктады. Мелдештер Р.Санатбаев атындагы Свердлов райондук спорт мектебинде өттү.

Чемпионатты Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети уюштурду. Мелдештерге ар кандай салмактагы, республиканын баардык облустарынан 100 балбан катышты.

Э.Турдубаев «Динамо» (62 кг); Н.Мирбеков «Бешсары» (68 кг); Н.Идрисов «Динамо» (75кг); Б.Русланов «ИИМнин Академиясы » (82кг);  С.Орозбаев. «ИИМнин Академиясы» (90кг); И.Койлубаев «ИИМнин Академиясы» (100кг жогору) Бишкек шаарынын ачык чемпионатынын жеңүүчүлөрүнөн болуп калышты.