ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо-профилактикалык иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 27-мартта шаардын айрым жерлерине таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Западный” суу берүү обьектинде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 2014-жылдын 27-мартында шаардын төмөнкү жерлерине таза суу берүү убактылуу токтотулат:

Садыгалиева, Профсоюзная, Фучик көчөлөрүнө жана темир жолго катарлаш жайгашкан үйлөргө, анын ичинде: «Кызыл-Аскер», 110 квартал, «Достук», Газшаарчасы кичи райондоруна, аскер шаарчасына, аскер бөлүктөрүнө жана П.Лумумбы көчөсүндө жайгашкан буу казанына, Чүй проспектинде жайгашкан райондук буу казанына, «Полибетон» Акционердик коомуна, УКМК, «Шоро» ЖАК, «Жашылча» ЖЧК, «ГЭС Вайринг Констракшн» ЖЧК, Улуттук гвардиянын бөлүгүнө, Ленин райондук Аскер комиссариатына, «Кыргызконьягы» ЖЧК,  «Кыргызмебель» ишканасына,  КР ИИМ Атайын мектебине, №1-ЦСМдин филиалына, Республикалык наркология борборуна, «Илбирс» АК, №№15, 49, 50, 54-орто мектептерге, «БАРЗ» ААК, № 2901- Автоколоннага, Медицина жогорку мектебине, №1-мектеп-интернатына, «Алтын Тамыр» ЖАК, «Комбинат» ЖЧК, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧК, «Транс Союз Азия» ААК.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана керектүү суунун көлөмүн алдын ала камсыздап алууну эскертет.