ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Апрель айында Бишкекте шаардык муз тебүү аянтында спорттук иш-чаралар өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-апрелинде, Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КТРК менен биргеликте, шаардык муз тебүү аянтында “Шамдагайлар таймашы” деген аталышта спорттук иш-чараларды өткөрөт.

Спорттук иш-чараларга шаардын ар бир районунан бирден 4 команда катышат. Ар бир команданын курамына 10 спортчу кирет. Команданын курамына бирден кыргыз эстрада жылдызы кирет.

Мелдештер саат 10-00дон 16-00го чейин уланат.

Мелдештин уюштуруучулары билдиргендей, иш-чаралар спорттун кышкы түрлөрүн пропагандалоо максатында өткөрүлмөкчү.

Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.