ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада шаар мектептеринин мугалимдер арасындагы аялдар спартакиадасы башталды

Бүгүн, 25-мартта Свердлов райондук №4-мектеп-гимназиясында шаар мектептеринин мугалимдер арасындагы аялдар спартакиадасы башталды.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, спартакиада мугалимдер арасында спортту пропагандалоо максатында өткөрүлүүдө.

Мелдештерге спорттун 4 түрү боюнча 15 команда катышат. Спартакиаданын программасына сууда сүзүү, волейбол, стол тенниси жана дартс оюндары киргизилген.

Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 28-мартта өткөрүлөт.