ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Фехтование боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты аяктады

Баш калаада Фехтование боюнча Бишкек шаарынын кыздар жана уландар арасында ачык чемпионаты аяктады.

Чемпионат 22-23-мартта №10-орто мектептин базасында өткөрүлдү.

Мелдештерге 2000-жылы туулган 50 спортчу катышты.

Мелдештердин жыйынтыгында уландар арасында 1-орунду Абдрахман уулу К., 2-орунду Альцев К., 3-орунду Мааткеримов Н. жеңип алышты.

Кыздар арасында орундар төмөнкүчө бөлүндү: 1-орун Абдыл-Халитова К., 2-орун Геттуева Е., 3-орун Алиеав М. жана Березовская Е.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.