ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кара жыгач” багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

21-март “Нооруз” майрамында шаардын “Кара жыгач” багында Свердлов райондук администрациясынын жана Балдар чыгармачылыгынын борборунун планы боюнча майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Уюштурулган майрамдык, спорттук иш-чараларга 400дөн ашык шаардыктар жана шаардын коноктору катышты.

Майрамдык иш-чаралар № 10, 16, 23, 33, 35, 76-мектептердин мугалимдер, окуучулар жамааттарынын, Муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Баардык катышуучуларды Свердлов райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова майрамдары менен кызуу куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө чоң программадагы концерт берилди жана ар кандай тематикадагы конкурстар уюштурулду.

Ал эми райондук спорт комитети тарабынан спорттук мелдештер өткөрүлдү. Майрамдык иш-чаралар уюшкандыкта жана ынтымакта өттү.