ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын борбордук Ала-Тоо аянтында “Нооруз-2014” майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө

Салтанаттуу иш-чаралар Нооруздун майрамдык салттарын, тарыхын чагылдырган  театрлаштырылган оюн-зооктор менен башталды.

Чыгармачыл жамааттар көп улуттуу Кыргызстандын бийлерин тартуулашты. Салтанаттуу иш-чара элди биримдикке, достукка, өз ара ынтымакка чакырган көркөм чыгармалар менен коштолду.

Салтанаттын катышуучуларын Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктап:

“ Урматтуу мекендештер, урматтуу шаардыктар!  Нооруз майрамы – жаңы күн, жаңы жыл майрамы. Баардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм! Эл аралык уюмдар Нооруз майрамына эл аралык мартаба ыйгарган. Майрамыбыз элибизге ынтымак, бир туугандык жана ийгиликтерди алып келсин”-деди.

Андан соң,Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын башчысы Данияр Нарынбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Нурканбек Момуналиев кыргызстандыктарды майрамы менен куттукташты.

Майрамдык иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестринин, республиканын искусство чеберлеринин, кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачыл жамааттардын коштоосундагы чоң концерт менен улантылды.