ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек Нооруз майрамын майрамдоодо

Нооруз байыркы майрам. “Нооруз” – фарс тилинен “жаңы күн” деген маанини берет. Жаңы күндүн келиши менен жаратылыш, адамдар жаңыланат, тазаланат.

Бул күнү адамадар бири бирин майрамы менен куттукташып, мурдагы таарынычтарын кечиришет. Майрамдын алдында майрамдык тамак-аштар даярдалып, салтанаттуу дасторконго коюлат. Негизги майрамдык тамак болуп “сүмөлөк” саналат.

Нооруз майрамы Кыргызстандын баардык жерлеринде белгиленүүдө. Майрамдык концерттер, оюн-зооктор Бишкектин жаңы конуштарында улантылууда. Жаңы конуштарда боз үйлөр тигилип, майрамдык дасторкондор жайылган.