ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Нооруз майрамында Октябрь райондук администрациясы майрамдык иш-чараларды өткөрөт

Нооруз майрамы күнү 21-мартта саат 14-00до Октябрь райондук администрациясы “Дасмия” ресторанында салтанаттуу иш-чараларды өткөрөт.

Майрамдык иш-чарага эмгектин ардагерлери, райондун активи, жалпысынан 500 адам катышат.

Шаардын “Ата-Түрк” паркында саат 12-00до “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлөт.

Баардык жаңы конуштарда боз үйлөр тигилип, майрамдык иш-чаралар саат 9-00до башталат. Майрамдык иш-чаралардын алкагында концерттик программалар берилип, спорттук оюндар уюштурулат. Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылат.