ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

21-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында майрамдык оюн-зооктор өткөрүлөт

Элдик «Нооруз-2014»  майрамына арналган театрлаштырылган оюн-зоок 2014-жылдын 21-мартында саат 12.00дөн 14.00гө чейин Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Азыр ага карата атайын  даярдыктар жүргүзүлүп  жатат.

Майрамдык иш-чарага Маданият жана туризм башкармалыгынын «Сувенир» орус ырлар ансамбли, «Акак» комуз ансамбли, ТСК «Алексис», Бишкек шаарынын мэриясынын элдик аспаптар оркестри,  «Шаттык»,  «Жаш-Кыял»  элдик  үлгүлүү бий ансамблдери  менен  катар  «Таберик», «Улыбка», «Ассоль»  чыгармачыл  жамааттары жана Кыргызстандын белгилүү эстарада ырчылары катышышат. Ал эми эски аянтта  шаардык спорткомитети  спорт оюндарын 10.00дөн 12.00гө чейин өткөрүшөт.

«Ата-Түрк», «Каражыгач» эс алуу жайларында,  «Манас айылы» комплекстери менен жаңы конуштарда райондук администрациялар тарабынан майрамдык концерттер коюлат,  элдик оюн-зооктор  уюштурулат.

«Ала-Тоо» борбор аянтында  шаар тургундарына жана конокторуна  Бишкек шаарынын маданият жана туризм башкармалыгы «Кыргызстан обондору» радиостанциясы менен бирге эстрада жылдыздары,  шаардын чыгармачыл топторунун  катышуусу менен  19.00дөн 21.00 гө  чейин кечки  майрамдык программаны тартуулашат.

Саат 21.00 до «Ала-Тоо» аянтында майрамдын урматына  фейерверк жана Орто-Сай айылына жакын «Боз-Болток» тоосундагы  флагштоктун жанында салют берилет.

Салюттар - Россалют.kg  коомдук фондунун  «Нооруз-2014» майрамына карата шаардыктарга белеги.