ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы “Ханнс Зайдел” фондунун угуучулары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында шаар башчысы К.Кулматов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын “Ханнс Зайдел” коомунун программасынын угуучулары менен жолукту.

Иш-чарага республиканын аймактарынан 40ка жакын адам катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы баш калааны өнүктүрүү иш-чаралары, республиканын башка аймактары менен байланыштарды кеңейтүү, шаардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө маалымат берди. Шаарды көрктөндүрүү, транспорт, ички миграция маселелери талкууланды.

“Ханнс Зайдел” немец фонду 2002-жылдан бери муниципалдык кызматкерлерди окутууга колдоо көрсөтүп келет.