ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын вице-мэрлери О.Попиков, Т.Имашов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы М.Аманкулов турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

“Биздин жарандардын жакшы шарттарда жашоосу Сиздердин эмгегиңиздер менен тыгыз байланышкан. Сиздердин эмгегиңиздер шаарыбыздын мектептеринде, бала бакчаларында, ооруканаларында керектүү шарттарды түзүүгө багытталган. Ошондуктан сиздердин эмгегиңиздер эң маанилүү”,-деди О.Попиков куттуктоо сөзүндө.

Майрам ээлерин шаардык кеңештин төрагасы М.Аманкулов жана вице-мэр Т.Имашов куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардык Кеңештин Ардак Грамоталары менен сыйланышты.