ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы 40 гүл чөнөктөрүнө гүл отургузууга тендер жарыялайт

Бишкек шаарынын мэриясы 2014-жылдын 26-мартында шаардагы 40 гүл чөнөктөрүнө гүл отургузууга тендер жарыялайт.

Тендер шаарды көрктөндүрүүнү жакшыртуу, атаандаштыкты түзүү жана бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында өткөрүлмөкчү.

2286 чарчы метр аянттан орун алган 40 гүл чөнөктөрүнө гүл отургузуу иштерине жеке мекемелер чегерилет.

Мындан тышкары мэрия тарабынан 19 объектте, 3415 чарчы метр аянтка кошумча 67 гүл чөнөктөрү даярдалат жана тендер жакынкы убакытта өткөрүлөт. 5 млн. 831,4 миң сом өлчөмүндө каражат жумшалып, 136660 даана гүл отургузуу белгиленүүдө. Учурда тендерди өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

“Жашылдандыруукурулуш” муниципалдык ишканасынын балансында жалпы аянты 18271 чарчы метрди түзгөн 303 гүл чөнөктөрү бар. Аларга 78690 даана бир жылдык гүлдөрдү отургузуу белгиленүүдө.