ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада улуттук “Ордо” оюну боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт

2014-жылдын 20-21-мартында Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынынын базасында улуттук “Ордо” оюну боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатын өткөрөт.

“Ордо” боюнча чемпионат Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт комитетинин мурдагы жетекчиси, кыргыз спортуна эмгеги сиңген ишмер Д.Өмүрзаковдун элесине арналат. Мелдешке республиканын баардык облустарынан командалар чакырылган.

Мелдештин салтанаттуу жабылышы 21-мартта саат 14-00до өткөрүлөт.