ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышат

2014-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышат.

Муниципалитеттин 2000ден ашуун кызматкерлери 9 багыт боюнча окушат, алар: уюштуруудагы стратегиялык пландоо, мыйзамдык техника, муниципалдык органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс, этникалар арасындагы конфиликттин алдын алуу, Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы саясат ж.б.

Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык өткөрүлөт.