ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын айрым жерлерине таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Түштүк-Батыш” жана “Гагарин” суу берүү обьекттеринде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2014-жылдын 18-мартында саат 9-00дон 17-00го чейин, шаардын төмөнкү жерлерине таза суу берүү токтотулат:

Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүнө, “Ак-Өргө” жаңы конушуна, алардын ичинде Жер иштетүү инститтутуна, № 25, 55-орто мектептерге, Ленин райондук аскер комиссариатына, №5-шаардык мончого, “Бишкекжылуулукэнергонун” №5-буу казанына, “Кока-Кола” ЖЧК, “Яшар” ЖЧК, ОП 36/47 ИИМнин мекемесине.

“Кыргызконьягы” ЖЧК, “Комбинат” ЖЧК, “Тамга-Таш ЛТД” ЖЧК суу берүүнүн басымы төмөндөтүлөт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурайт жана таза суунун керектүү көлөмүн алдын ала камсыздап алууну эскертет.