ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаа “Нооруз” майрамын белгилөөгө даярдык көрүүдө

2014-жылдын 21-мартында баш калаанын “Ала-Тоо” борбордук аянтында саат 12-00дон 14-00го чейин, “Нооруз” майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Кеңири программадагы майрамдык программаны даярдоонун үстүндө режиссерлор Э.Чалабаев жана Э.Ибраимова, сценарийчи К.Урманбетов иштеп жатышат.

Майрамдык программага «Семетей», «Акак», «Шаттык», «Жаш-Кыял», «Таберик», «Улыбка», «Ассоль», «Береке» чыгармачылык топтору жана белгилүү эстрада жылдыздары катышат.

Саат 13-00дон 14-00го чейин “Кыргызстан обондору” радиостанциясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгы майрамдык программаларын тартуулашат.

Саат 10-00дон 12-00го чейин Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Шаардын жаңы конуштарында райондук администрациялар майрамдык иш-чараларды уюштурат.

Саат 19-00дон 21-00го чеийн борбордук аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт көрсөтүлөт.

Майрамдык иш-чаралар салют атуу менен аяктайт.