ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдорунда балдардын жаракат алышын азайтуу боюнча акция өткөрүлдү

Шаар жолдорунда балдардын жаракат алышын азайтуу максатында “Балдарга жол бергиле!” деген аталышта акция өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы жана ИИББнын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте 14-мартта өткөрүлдү.

Күндүн биринчи жарымында мектеп окуучулары ИИББнын кызматкерлери менен жол кесилишинде практикалык сабактарга катышты. Шаар боюнча практикалык сабактар 90 жол кесилиштеринде өткөрүлдү.

Ошондой эле окуучулар аталган тематикада сүрөттөрдү тартышып, кыска дил баяндарды жазышты жана айдоочулар менен болгон маектерге катышты. Жол кыймылынын эрежелери жөнүндө китепчелер таркалды.

Акция белгиленген көйгөйлөргө шаар тургундарынын, айдоочулардын көңүлүн буруу максатында уюштурулду.