ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада эмгек жарманкеси өткөрүлөт

2014-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы жумушсуз жарандар үчүн эмгек жарманкесин өткөрөт.

Эмгек жарманкесине ар кандай тармактагы 20 дан ашык ишкана-мекемелер катышат жана жумушсуз жарандарга бош кызмат орундарын, аларга коюлчу талаптар, кесипке багыт берүү жолдору менен тааныштырат.

Ошондой эле министрликтин жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору бош кызмат орундары боюнча маалыматтарды берет.

Маалымат алуу телефондору: 434766, 434749, 434765.

Жарманке саат 10.00 доТоктогул көчөсү, 237 дарегинде башталат.