Шаардын “Арча-Бешик” конушунда мыйзамсыз курулган короо бузулду
- Подробности
- Опубликовано 13.03.2014 11:36
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан, “Арча-Бешик” конушунун Чатыр-Көл көчөсү, 49 дареги боюнча курулган короонун мыйзамсыздыгы аныкталып, ээсине административдик эскертүү берилген.
Департамент тарабынан берилген эскертүүдөгү талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.
Ленин райондук сотунун чечими менен курулуш ээсине 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерилип, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген.
Ленин райондук сотунун токтому жана Департаменттин талабы менен 2014-жылдын 11-мартында мыйзамсыз курулган короо бузулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |