ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарда кароосуз калган адамдарды аныктоо боюнча рейддер жыйынтыкталат

Баш калаада үч күн бою үй-жайсыз адамдарды, кароосуз калган өспүрүмдөрдү, үйүнөн чыгып кетип издөө жарыяланган адамдарды анкытоо боюнча рейддер өткөрүлдү.

Рейддердин жүрүшүндө, 128 өспүрүмдөр жана жаш балдар кармалып, алардын 55 өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилген. 8 кылмыштуулуктун бети ачылды.

Рейддер негизинен шаардык базарларда, соода түйүндөрүндө, компьютердик клубдарда жүргүзүлүп, кармалган өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен маектер жүргүзүлдү.

Рейддер шаардык Ички иштер башкармалыктары, райондук администрациялар жана тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.