ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

СЭИ кызматы тарабынан шаар боюнча өткөрүлгөн кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, “Төкөлдөш” конушунун Армейская, 196 дарегинде жайгашкан нан азыктарын даярдоочу кулинардык цехтин аймагында шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык ченемдердин бузулушу катталды.

Армейская көчөсү боюнча кургак тиричилик жана тамак-аш таштандылары баш аламандыкта ташталат.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, кулинардык цехтин ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.