ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында жалпы билим берүү предметтери боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнара Тагаева, Франциянын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маданият жана кызматташтык боюнча  атташеси Элен Гобильяр, Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү борборунун директору Ли Енг Хун, Германия Федеративдик Республикасынан немец тили мугалими Мария Кринг жана башка өкүлдөр  катышты.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп 109 окуучу табылды, алардын 35 биринчи, 36 экинчи, 38 үчүнчү орунга ээ болушту.

Биринчи орунга жетишкен олимпиаданын катышуучулары, 2014-жылдын 27-28-мартында өткөрүлүүчү республикалык олимпиадага катышат.

Быйылкы шаардык олимпиаданын өзгөчөлүгү француз, немец, корей тилдеринин олимпиаданын программасына киргизилиши болду.

Окуучулардын Бишкек шаардык олимпиадасына 423 окуучу катышты.

Олимпиаданын катышуучуларынын урматына эстрада жылдыздарынын, балдар чыгармачылык жамааттарынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.