ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

СЭИ тарабынан шаардын Октябрь району боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө, 7-кичи районунда жайгашкан павильондордун жана “Илбирс” дүкөнүнө тиешелүү аймактарда санитардык талаптардын бузулушу катталды.

7-кичи районунун Безымянная жана Ж.Пудовкин көчөлөрүндө жайгашкан жер-жемиштерди сатуучу павильондорунун, Орто-Сай базарында жайгашкан “Илбирс, “Ярмарка” дүкөндөрүнүн айланасында таштандылар баш аламандыкта ташталып, антисанитардык абал түзүлгөн.

Рейддин жыйынтыгы менен аталган соода түйүндөрүнүн ээлеринин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.