ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти “Педиатр-врачынын депозити” жөнүндө билдирет

“Бишкек шаарынын педиатр-врачынын депозити” Бишкек шаардык Кеңешинин 19.11.2013-жылдагы №47-токтому менен кабыл алынган.

Депозиттин максаты болуп, шаардын жаңы конуштарын педиатр-врачтар менен жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасын врач-реанимотологдор менен камсыз кылуу саналат.

“Педиатр-врачтын депозити” жаш адистерге ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча айлык төлөө менен, алардын бир орунда 3 жылдан кем эмес мөөнөттө иштешин камсыз кылууну өзүнө камтыйт.

Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти тарабынан, аталган депозит, боюнча шаардын жаңы конуштарын педиатр-врачтар менен камсыз кылуу жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасын врач-реанимотологдор менен камсыз кылуу максатында 27.02.2014-ж. №49-буйругу менен тандап алуу боюнча конкурстун Жобосу кабыл алынган.

2014-жылдын 11-мартында тандап алуу конкурсу өткөрүлүп, катышкан 6 талапкердин 5сү балдар клиникалык ооруканасына врач-реаниматолог болуп кабыл алынды. Азыркы учурда тандап алуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Конкурска катышуунун каалаган жаш адистер Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментине кайрылышса болот.