ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май районунда таштандыларды тазалоо иш-чараларына 60 жумушсуз адам чегерилди

Баш калаанын Биринчи май райондук администрациясы тарабынан райондун аймагын таштандылардан тазалоо иштерине 60 жумушсуз адамдар чегерилди.

Адамдарды ишке чегерүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмү тарабынан ишке ашырылды.

2014-жылдын 7-мартында райондук администрациянын өкүлдөрү №14, 15,16-Жергиликтүү аймактык башкаруу (ЖАБ) органдарынын аймактарын изилдеп чыгышып, аткарылчы иштердин багыттарын аныкташты.

№14-ЖАБга тиешелүү Күрөңкеев, Жбек-Жолу, Д.Асанов, Ростовская, Беломорская, Мидин, Ладожская, Минск, Варшава көчөлөрү боюнча 23 адам, №15-ЖАБга тиешелүү П.Лумумбы, “Касым” конушу, Профсоюз көчөсү, “Ынтымак”, “Керемет”, Месероша, Дыйкан, Нарвская, көчөлөрү боюнча 22 адам, №16-ЖАБга тиешелүү “Ак-Босого” конушуна 15 адам ишке чегерилди.

Шаарды таштандылардан тазалоо иштери улантылууда.