Мамлекеттик тарых музейинде 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 06.03.2014 17:52
Мамлекеттик тарых музейинде 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан аялдар Конгрессинин Президенти З.Акбагышева, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы З.Абылаев, материалдык жардамга муктаж, Улуу Ата-Мекендик Согуштун жана тылдын ардагерлери жана башка категориядагы айымдар катышты.
Катышуучулар үчүн кыргыз эстрада жылдыздары, балдар чыгармачылык жамааттарынын концерттик программасы тартууланды.
Салтанаттуу программанын соңунда баардык катышуучуларга майрамдык белектер жана материалдык жардамдар берилди.
Эске сала кетсек, азыркы учурда шаардык социалдык коргоо органдарынын каттоосунда 29 315 айым каттоодо турат, алардын 95и Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучулары, 91и согуштун майыптары, 20сы Афган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, 14ү баткен согушунда курман болгондордун жарлары, 41и Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |