ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 7-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Айымдарды куттуктоо сөзү менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация башчысы Д.Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов жана КР ЖК төрагасынын орун басары Т.Зулпукаров чыгып сүйлөштү.

Салтанаттын катышуучулары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын, бий ансамблдеринин катышуусундагы концерттик программа тартууланды.