ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2013-жылы шаардык бюджетти түзүү боюнча шаар тургундарынан 334 кайрылуулар келип түшкөн

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык университетинде Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун коомдук кароолор жүрүп жатат.

Бюджеттин долбоорун коомдук кароолорду Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкулов ачты.

“Бюджеттин долбоорун кароолор эркин пикир алмашуу түрүндө өтөт. 2013-жылы шаардык бюджетти түзүү боюнча шаар тургундарынан 334 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулар негизинен мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин штатын толуктоо маселесине багытталган. Баардык сунуштар жана пикирлер шаардык бюджетти түзүүдө эске алынат”,- деди шаардык Кеңештин спиккери.

Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов өз сөзүндө: “2014-жылдагы шаардын бюджетинин долбоорун коомдук кароолор өтө маанилүү. Бюджеттин 70% социалдык тармакка багытталат. Шаарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелери жөнүндө конкреттүү сунуштарды айтуу кыйын. Баардык сунуштар реалдуу мазмунга ээ болушу керек”,- деп билдирди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Т.Имашов 2014-жылдагы шаардык бюджеттин негизги параметрлери менен катышуучуларды тааныштырды.