ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында шаар башчысы жана шаардык Кеңештин депутаттары КР ЖК депутаттары менен жолугушту

Шаар башчысы, КР ЖК депутаттары менен Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардык Кеңештин депутаттары кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланды. ЖК депутаты Ж.Жолдошова шаар жолдорунун сапатына токтолду. Анкара көчөсү боюнча жол курууда сапатсыз асфальт пайдаланылгандыгын, сугаруу тармактарынын, тротуарлардын курулушу талапка жооп бербестигин белгиледи.

Депутаттар “Алтын-Ордо” конушунун тургундары менен жолугушту. Жаңы конушта бала бакчанын, мектептин жоктугу өзгөчө белгиленди.

Ошону менен бирге жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек Баатырга эстелик орнотуу, Алма-Аты-Жибек Жолу, Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилерин тартипке келтирүү, социалдык объекттерди куруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.