Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин Бишкек шаарына 16 жаңы троллейбус келет
- Подробности
- Опубликовано 04.03.2014 11:43
Депутаттар ЕӨРБнын каражаттарына алынган троллейбустарды көрүү максатында Бишкек троллейбус башкармалыгында болушту.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, учурда Бишкек шаарына 63 троллейбус келген. Анын 35 троллейбусу, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган, жапыз полдуу.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин дагы 16 троллейбустун келиши күтүлүүдө.
ЕӨРБнын каражаттарынын эсебинен 15 млн. евро автобустарды сатып алуу үчүн бөлүнгөн. Анын ичинен 10 млн. евро кредит, 5 млн. евро грант.
Троллейбустар Россиянын Энгельс жана Вологда шаарларынан алынган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |