ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шаардык муниципалитеттин өкүлдөрү менен бирге шаар жолдорунун абалы менен таанышып чыгышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин депутаттары баш калаанын мэриясынын өкүлдөрү менен бирге шаар жолдорунун абалы менен таанышып чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анкара, Л.Толстой көчөлөрүндө болушуп, “Алтын-Ордо” конушундагы жаңы курулган көпүрөнү көрүштү жана шаар тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундары ар кандай мазмундагы көйгөйлөрдү жана жаңы мектеп куруу маселесин көтөрүштү.

Тактама ирээтинде: “Алтын-Ордо” конушунда көпүрө өткөн жылдын ноябрь айында, түркиялык гранттын эсебинен курулган. Көпүрө Анкара көчөсү менен “Алтын-Ордо” конушун байланыштырып турат. Көпүрөнүн узундугу 17,7 метрди, туурасы 11 метрди, тротуарлардын туурасы 1,5 метрди түзөт. Курулуштун сметалык баасы 17 млн. 942 миң сом.

Ал эми, Л.Толстой көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштери өткөн жылдын июнь айында башталган. Жолдун узундугу 1,6 км., туурасы 16 метрди түзөт.