ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Орто-Алыш суу берүү объектинде болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Орто-Алыш суу берүү объектине орнотулган жабдууларды көрүп чыгышты. Аларга, алмаштырууну талап кылган  эски жабдуулар жана жаңыдан алынган атайын техникалар көрсөтүлдү.

Орто-Алыш суу берүү объекти 80 жылдан ашык убакыт шаар тургундарынын 40% таза суу менен камсыз кылып келет жана 470 га аймакка жайгашып, тереңдиги 250 метрди түзгөн 124 скважина казылган.

ЕӨРБнын кредиттик келишиминин алкагында шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5,5 млн. евро өлчөмүндө кредиттер, 4,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттар бөлүнгөн.

Кредиттик каражаттардын эсебинен 21 скважина казуу жана атайын техникаларды алуу каралган.