ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Түндүкэлектр” Ачык акционердик коому баш калаада электр энергиясын эсептөөчү адистештирилген эсептегичтерди орнотууну улантууда

“Түндүкэлектр” Ачык акционердик коому баш калаада электр энергиясын эсептөөчү адистештирилген эсептегичтерди орнотууну улантууда.

2013-жылы шаар боюнча адистештирилген 10 278 эсептегич орнотулган.

Учурда адистештирилген эсептегичтерди орнотуу иштери “Ынтымак”, “Арча-Бешик”, “Көк-Жар”, “Көлмө” конуштарында жүргүзүлүүдө.

Бөлүштүрүү компаниясынын билдирүүсү боюнча, “Кызыл-Аскер” конушунда 382 абоненттин электр энергиясын пайдалануу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адистештирилген эсептегичтер орнотулгандан кийин электр энергиясын пайдалануу көлөмү 74%га өскөн.

2013-жылы аталган конушта адистештирилген эсептегичтер орнотулгандан кийин 221,5 кВт/саат электр энергиясы сарпталса, 2014-жылдын январь айында 853,4 кВт/саат энергия пайдаланылган, же электр энергиясын сарптоолор 20%дан 3-6%га чейин кыскарган деп билдиришет “Түндүкэлектр” Ачык акционердик коомунан.