ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуулар өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясында бюджеттик угуулар өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, ЖӨБ органдарынын, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

2014-жылга Свердлов районунун бюджети 549,1 млн. сомго долбоорлонгон, анын 452,1 млн. сому корголгон статьяларга каралган, бул 82,3% түзөт, милдеттүү түрдө аткарылчы статьяларга 56,7 млн. сом каралган, же 10,3%.

Бюджеттик угууларды Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкулов алып барды. Бюджеттик долбоор боюнча шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Э.Зарлыков, бюджеттин киреше бөлүгү боюнча Свердлов райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова, Свердлов ройону боюнча Салык башкармалыгынын башчысы Р.Абдрахманов сөз сүйлөштү.

Талкуунун жүрүшүндө, ЖӨБ органдарынын, кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн сунуштары угулду.