ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунун кызматкерлери наристелерди алмаштыргандыгы үчүн жооп беришет

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментине шаардык перинаталдык борбордо жаңы төрөлгөн балдарды алмаштыруу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Саламаттык сактоо департаменти тарабынан тез арада комиссия түзүлүп, перинаталдык борборго жиберилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, 2014-жылдын 26-февралында таңкы саат 6-35те реанимиация бөлүмүндө, салмагы 925 грамм, бою 40 см. эркек бала төрөлгөндүгү жана реанимация бөлүмүнүн кызматкерлери төрөлгөн уулдун ордуна анын ата-энесине чарчап калган кызды беришкендиги аныкталды.

Чарчаган наристенин сөөгү комиссия тарабынан паталогоанатомия бюросуна текшерүүгө жиберилген.

Текшерүүлөрдүн материалдары прокуратура органдарына жиберилип, учурда изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдар жазага тартылат деп билдирди А,Мурзалиев.