Бишкек шаарынын Биринчи май районунда туруктуу жашаган жерлери жок адамдар үчүн кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 03.03.2014 10:13
2014-жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы Бишкектеги жана Кыргызстандагы орус чиркөөсүнүн Епархиясы жана демөөрчүлөр менен биргеликте, “Коломто” муниципалдык мекемесинде, “Жүрөктөн жүрөккө карай” деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Кайрымдуулук иш-чарасы Жибек-Жолу проспекти, 413 дарегинде жайгашкан “Коломто” муниципалдык мекемесинде өттү.
Акция турмуштун оор кырдаалына кабылган, туруктуу жашай турган жерлери жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү, алардын арасында социалдык оорулардын алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында аталган категориядагы адамдар үчүн мончо, чач тарач кызматтары уюштурулуп, медициналык кароолор өткөрүлдү жана ысык тамак, кийимдер берилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |