ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын мектептеринин окуучуларынын арасында предметтик олимпиада болуп өттү

Олимпиада 28-февралдан 1-мартка чейин И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде жана №4-мектеп-гимназиясында болуп өттү.

Олимпиаданын үчүнчү туруна, райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон 400 дөн ашуун окуучу катышты.

Олимпиаданы өткөрүү боюнча предметтик комиссиялар Кыргыз Мамлекеттик техникалык, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучулар курамынан түзүлдү. Предметтик тапшырмалар да аталган ЖОЖдордун мугалимдери тарабынан түзүлдү.

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан чет тилдер боюнча: француз, немец, корей, кытай тилдери боюнча олимпиаданын өтүшүнө кошумча шарттар түзүлдү, анткени бул тилдер шаардын 30дан ашык мектептеринде окутулат.

Олимпиаданын салтанаттуу жабылышы 12-мартта өткөрүлөт. Жеңишке жетишкен окуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланып, республикалык олимпиадага катышууга укук алышат.