ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курск салгылашуусуна катышкан, Улуу Ата-Мекендик Согуштун бишкектик эки ардагерине юбилейлик медалдар тапшырылды

Советтик Армиянын Курск салгылашуусундагы жеңишинин 70 жылдыгынын урматына Улуу Ата-Мекендик Согуштун бишкектик эки ардагерине юбилейлик медалдар тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында өттү. Согуштун ардагерлери Башлаева Зинаида Ивановнага жана Муфтахутдинов Хабибулла Гайнуловичке Россия Федерациясынын Курск областынын губернаторунун атынан юбилейлик медалдар тапшырылды.

Эске сала кетсек, 1943-жылдын 23-августунда советтик жоокерлер Курск салгылашуусунда немецтик баскынчыларды талкалаган. Бул салгылашуу Экинчи дүйнөлүк жана Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхындагы  эбегейсиз зор салгылашуу, ага эки миллионго жакын адам, алты миң танк, төрт миң самолет катышкан.