ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май районунда “Жүрөктөн жүрөккө карай” деген аталышта кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт

2014-жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы Бишкектеги жана Кыргызстандагы орус чиркөөсүнүн Епархиясы жана демөөрчүлөр менен биргеликте, “Коломто” муниципалдык мекемесинде, “Жүрөктөн жүрөккө карай” деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөрөт.

Кайрымдуулук иш-чарасы Жибек-Жолу проспекти, 413 дарегинде  жайгашкан “Коломто” муниципалдык мекемесинде саат 10-00до башталат.

Акция турмуштун оор кырдаалына кабылган, туруктуу жашай турган жерлери жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү, алардын арасында социалдык оорулардын алдын алуу максатында өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын алкагында аталган категориядагы адамдар үчүн мончо, чач тарач кызматтары уюштурулуп, медициналык кароолор өткөрүлөт жана ысык тамак, кийимдер берилет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы шаар тургундарын, баардык жарандарды кайрымдуулук акциясына катышып,

турмуштун оор шарттарына кабылган адамдарга колдоо көрсөтүүгө чакырат.