ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мамлекеттик тарых музейинде Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү

Мамлекеттик тарых музейинде Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси З.Абылаев, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери, шаардык ардагерлер кеңешинин активи катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына балдар чыгармачылык жамааттарынын, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт тартууланды.

Шаардык жана райондук иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Иш-чаранын аягында баардык ардагерлерге материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Азыркы учурда социалдык коргоо органдарынын каттосунда 354 Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагери, 91 согуштун майыбы, 19 Ленинград блокадачысы каттоодо турат.