ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мектеп окуучуларынын Спартакиадасынын алкагында кыздар арасында баскетбол боюнча мелдештер аяктады

И.Раззаков атындагы техникалык университеттин спорт залында мектеп окуучуларынын арасындагы Спартакиаданын алкагында, 1996-жылы туулган кыздар арасындагы баскетбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Спартакиада 20-февралдан 26-февралга чейин уланды. Спорттук иш-чараларды Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети уюштурду.

Байгелүү орундарга жетишкен командалар медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Спартакиаданын жыйынтыгында биринчи орунду Биринчи май райондук №29-мектеп-гимназиясынын командасы, экинчи орунду Свердлов райондук №11-орто мектептин командасы жана үчүнчү орунду Биринчи май райондук №70-орто мектептин командасы жеңип алышты.