ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Жеке турак-жай куруу департаменти, Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан үйдү бузуу чараларын көрмөкчү

А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан №20-жер тилкесинде А.Жабыева тарабынан тиешелүү документтери жок, турак үйдүн курулушу мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын Жеке турак-жай куруу департаментинен билдиришти.

Мурда Департаменттин кызматкерлери тарабынан, жер тилкесинин ээсине “Орун алган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө кемчиликтер жоюлбаган соң, шаар куруу жана архитектуралык ишмердикке каршы келген административдик тартип бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.

Административдик материалдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн. Соттун токтому менен, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 454-беренесине ылайык А.Жабыевага он миң сом өлчөмүндө айып тагылган жана курулган

объектти бузуу милдеттендирилген. Бирок, соттун чечими аткарылган жок.

Департамент аталган маселе боюнча сот органдарына кайрадан кайрылып, соттун чечими менен жер тилкенсин бошотуп, муниципалдык менчикке кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.