ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиясы өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиясы өтүүдө. Коллегиянын ишине Бишкек шаарынын мэри, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жетекчилери катышууда.

Коллегиянын күн тартибинде: “Бишкек шаарынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2014-жылы коюлган максаттары жөнүндө” маселеси каралууда.

Коллегияда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов доклад жасайт.

Ошону менен бирге Бишкек шаары боюнча Салык инспекциясынын жетекчиси К.Жаныкулов, Финансы башкармалыгынын башчысы Э.Зарлыков, райондук администрациялардын башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери баяндама беришмекчи.