ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Ата-энелер коомчулугу менен иш алып баруунун негизги багыттары,көзөмөлдөө кеңештеринин түзүмдөрү жана алардын ишин уюштуруу” деген аталышта семинар өткөрүлөт

2014-жылдын 21-февралында шаардык №6-автордук окуу тарбия комплексинин  жыйындар залында,  Бишкек шаарынын мектептеринин, мектепке чейинки билим берүү жана башка мекемелердин жетекчилер ассосациясы тарабынан уюштурулган семинар өткөрүлөт.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаева, КР ЖК депутаты Н.Никитенко жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышат.

Семинар, билим берүү мекемелеринде  коомдук башкаруу системасын түзүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү мекемелери менен үй-бүлөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында өткөрүлмөкчү.