Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалыматы
- Подробности
- Опубликовано 20.02.2014 10:16
Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан уюштурулган кезектеги текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Анкара көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан басмакана, “Жал” кичи районунда жайгашкан “Аска курулуш” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан санитардык талаптарды, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар аныкталды.
Аталган мекемелердин айланасында курулуш, кургак таштандылар баш аламандыкта жыйылып, антисанитардык абал түзүлгөн. Таштандылар газондорго, тротуарларга ташталган.
Рейддин жыйынтыгы менен аталган мекемелердин жетекчилигинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол түзүлүп, Октябрь жана Ленин райондук административдик комиссияларынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |