ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Октябрь районунда жогорку класстардын окуучуларынын арасында “Эр жигит” конкурсу өткөрүлөт

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Октябрь районунун мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында “Эр жигит” конкурсу өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, иш-чара жаштар арасында аскердик кызматты пропагандалоо, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында өткөрүлмөкчү.

Конкурс 21-февралда, “Тунгуч” кичи районундагы №73-орто мектепте өтөт.

Райондук 14 мектептин 10-11-класстарынын окуучулары баштапкы аскердик даярдыктарын көрсөтүшөт. Уландардын аскердик даярдыктарын, билимдерин курамы офицерлерден турган калыстар тобу баалашат.

Конкурстун катышуучуларынын даярдыктары алты аталышта бааланат: “Катардагы кароо”, “Күчтүүлөр”, “Жаш мерген”, “Дубал гезити”, “Калашников автоматын чачуу жана жыйноо”.