ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылы Бишкек шаарынын күнү сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленет

Бишкек шаардык Кеңешинин Х сессиясы Бишкек шаарынын күнүн сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгилөө чечимин кабыл алды.

Мурда Бишкек шаарынын күнү 29-апрелде белгиленип келген, акыркы эки жылдан бери шаар күнү сентябрь айында белгиленүүдө. Ошондуктан Бишкек шаарынын күнүн сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгилөө чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, шаардын негизделген күнү 1878-жылдын 29-апрели. Ушул күнү аскер-губернатору Токмок уездинин борборун Пишпек шаарына которуу буйругун берген. Ал эми 1926-жылдын 12-майында Пишпекке революционер кол башчы М.В. Фрунзенин  аты берилген, а 1991-жылдын 1-февралында Бишкек деп аталган.