ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада шаардын бюджетин коомдук кароолор өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын бюджетинин долбоорун кароого коюуда. Шаардык бюджетти коомдук кароолор өткөрүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында баш калаанын Ленин жана Биринчи май, 27-февралында Свердлов жана Октябрь райондорунун бюджеттерин кароолор өткөрүлмөкчү.

Ал эми Бишкек шаарынын бюджетин кароолор 5-мартта КРСУнун жыйындар залында өткөрүлөт.

Бюджетти кароолордун негизги максаты – шаар калкынын жана райондук администрациялардын сунуш, пикирлерин угуп, приоритеттерди туура жайгаштыруу болуп саналат.

Бюджетти кабыл алуу боюнча сессиянын өтүү мөөнөтү БШК президиумунда аныкталат.